18-апрелде өлкөдө маал-маалы менен жамгыр, тоолуу райондордо кар аралашкан жаан жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарында, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында нөшөрлүү жаан жаайт.
Тоолуу жолдор тоңголок, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+10;
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12;
Нарын жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +3…+5, күндүзгү жогорку температурасы +10…+12 градусту түзөт.