Президент Сооронбай Жээнбеков журналист Кабай Карабековго салынган айыптан баш тартты. Бул маалыматты бүгүн, журналист өзү билдирди.
Кабай Карабековдун айтымында, президент Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматына кайрылып, журналисттен талап кылган 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартканын билдирген. «Президент Сооронбай Жээнбеков көрсөткөн үлгү колдоого жана сыйга татыктуу», — дейт журналист.
Эске салсак, 11-сентябрда аталган агенттикке Кабай Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» деген макаласы жарыяланган. Анда Москва тарапты «ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн» деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Мындан улам ошол кездеги президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган.
Кечээ, 16-апрелде журналист Кабай Карабеков президент Сооронбай Жээнбековдон кечирим сураган.