ЖК: Өкмөттүн отчёту канааттандырарлык эмес деп табылды

Автор -
268

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт», «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун карап чыгышты.

Жыйындын жыйынтыгында Жогорку Кеӊештеги «Республика-Ата Журт», «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык фракциялары  өкмөттүн отчётун канааттандырарлык эмес деп табышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында өкмөттүн ишин колдоого эки гана депутат добуш берди. Ал эми калыс добуш бергендер болгон жок.