ЖК: Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларында болгон өрт кырсыктары боюнча маселе каралат

Автор -

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңеш палата жыйынында Бишкек жана Жалал-Абад шаарларынын базарларында болгон өрт кырсыктары боюнча маселени карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 30-январында, 5-мартында жана 13-апрелинде Бишкек шаарындагы «Ош базары» соода-рыноктук комплексинин аймагында жана 2018-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн себептери жөнүндө маселе күн тартибине киргизилген.

Айта кетсек, 13-апрелде «Ош базарындагы» «Берекет» соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен.

Ушул эле күнү Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда өрт чыккан. Өрт саат 02:00 чамасында башталып, толугу менен саат 6:30 чамасында өчүрүлгөн. Күбө өрт өчүрүүчү унааларда суу жок болуп, өрттү өчүрүү үчүн эл аралашканын айткан.