Момбеков: «Ош» базарындагы өрт боюнча вице-мэрди, Ленин районунун жетекчисин кызматтан алыш керек

Автор -
232

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңеште «Ош базарындагы» өрт жана Жалал-Абад шаарындагы базарда болгон өрт боюнча маселе каралууда.

Депутат Рыскелди Момбеков базарлардагы өрттөн эч ким жоопко тартылбагынын жана тез арада жазаланышы керек экенин айтып чыкты.

«Тогуз- Тородогу окуядан аким кетти эмнеге Ош базарындагы окуяда эч ким унчукпай отурат. Керек болсо вице-мэрди, Ленин районунун жетекчисин да кетириш керек. Учурунда ал жактагы эки нефтебазаны жылдырбай Дыйкан базарын жаап канчалаган карапайым элди сыздаттыӊар. Эмнеге нефтебазаны жылдырбайсыӊар анткени алардын жетекчилери «бай» болгону үчүнбү?»,-деп билдирди «СДПК» фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков.

Бул суроого КРнын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов: «Бул окуя боюнча жакын арада жоопту адамдардын  баары жазаланат»,-деп жооп берди.