Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы 25-апрелден тарта кайрадан өлкө кино театрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу “Саякбай” тасмасынын аткаруучу директору Сүйүм Сулайманова билдирди.
«Саякбай” көркөм тасмасында 20-кылымдын Гомери сүрөттөлөт, тагыраагы “Манас” эпосунун улуу айтуучусу Саякбай Каралаев жөнүндө сөз болот. Манасчы өз жашоосун ойлоп жатып Кыргызстандын жана советтер союзунун тарыхындагы кульминациялык тарыхый окуяларды эстейт.
https://www.youtube.com/watch?v=WLCCb8eMUKA&t=2s