Баткенде көлөмү 45 000м3 жер көчкү түштү

Автор -

Маалыматка ылайык,  18-апрель күнү саат 23:20 чамасында Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан болжол менен көлөмү 45 000м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналын 130 метр аралыгын жана тоо башына жайгашкан бир уюлдук компаниясынын телефон антенасына баруучу ички чарбалык жолдун 150м аралыгын басып калган.  Сай айылындагы 350 кожолукка баруучу ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыз кылуучу каналдан суу токтогон.

Учурда тазалоо жумуштары жүрүп жатат.