Өзбекстанда мындан ары өзү же туугандары соттолгондугу үчүн гана кишини жумушка албай койгон бөгөт жоюлду. Бул тууралуу Эмгек кодексиндеги өзгөрүүлөргө өлкө президенти Шавкат Мирзиеев кол койду.
Өзбекстандын Эмгек кодексинде мурда эле эмгекке болгон укук жаатында кимдин бирөөгө үстөмдүк кылууга тыюу салынган.
«Анткен менен мыйзамда мурда өзү же жакыны соттолгон адамга каалаган жумушуна кирүүгө укук берген нормалар жок болчу», — деп айтылат макалада.
Муну мыйзамдагы мүчүлүштүк деп эсептеген Мирзиеев жашоосунда ката кетирип, бирок ал үчүн жооп берген адамдарды мындай жол менен коомдон сүрүп чыгаруу туура эместигин айтып, Эмгек кодексин кайра карап чыгууну тапшырган.
Өзбекстан ИИМинин маалыматына караганда 2017-жылы мурда диний-экстремисттик топтордун катарында жүргөн 18 миң адам нормалдуу жашоого кайтып, анын ичинен 10 миңи жумушка орношкон.