Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн, түзүмүн жана программасын жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн болжолдуу тизмеси жарыяланган. Ага ылайык жаӊы премьер-министр кызматына Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлиги сунушталууда.