Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитишти.
Кыргызстандын премьер-министринин кызматына Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин 115 депутат макул деп добуш берип колдошту. Катталгандардын саны 115.
Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич
1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.
1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ:
1994-1995-жж. — «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;
1995-1997-жж. — «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;
1997-1998 –жж. — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;
1998-1999 –жж.- Биринчи май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын начальниги;
1999-2003-жж. — Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;
2003-2009-жж. — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун начальниги, Аппарат жетекчиси, Башкармалыгынын мүчөсү;
2009-2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
2010-2016 жж.- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
2016-2017 жж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;
08.2017-09.2017-ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2017-жылдын 12-сентябрынан — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары.
2018-жылдын 16-мартынан — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси