Бүткүл дүйнөлүк китеп жумалыгына карата Бишкекте «Окуган бала — гүлдөгөн Кыргызстан» акциясы башталарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири — Билим берүү жана илим министрлиги.
«Салтанаттуу ачылыштан кийин таанып-билүү жана маданий иш-чаралары болот», — деп айтылат маалыматта.
Алар:
— «Китеп искусствосу» сынагы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо;
— Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү акын-жазуучуларынын китеп көргөзмөсү;
— Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу;
— Балдар жана чоңдор үчүн спорттук мелдештер;
— Реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын колунан чыккан буюмдар;
— Чет өлкөдөн билим алуу боюнча адистердин кеңештери берилет.