Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Автор -
234

Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий МедведевМухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Орусиянын өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сизди премьер-министр кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Орусияны жана Кыргыз өлкөсүн достук, өнөктөштүк жана биримдик мамилелер байланыштырып турат. Мындан аркы соода-экономикалык өз ара аракеттер, өнөр жай жана энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык биримдик алкагындагы интеграцияны тереңдетүү – биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берет деп ишенем.

Мухаммедкалый Дүйшекеевич, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм», — деп жазылат куттуктоодо.