«Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплексинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев кызматынан кетти.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы билдирдигендей, жетекчи кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазып, ал 19-апрель күнү канааттандырылган.
«Абдыкайым Кангелдиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Учурда анын ордуна ким жетекчи болуп дайындала турганы белгисиз. Талапкерлердин тизмеси да аныктала элек», — деди басма сөз катчы.