Армениянын премьер-министр Серж Саргсян отставкага кетип, тийиштүү чечим дүйшөмбү күнү, 23-апрелде, расмий жар салынганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, өлкөдө экс-президент Саргсяндын өкмөттү жетектешине каршы толкундоолор өтүп, эл 10 күндөн бери нааразылык акцияларын уюштуруп келген.
Жекшемби күнү Саргсян оппозиция лидери Никол Пашинян менен жолугуп, ал майнапсыз аяктаган. Оппозиционер сүйлөшүүгө Саргсяндын отставкасын талкуулаганы гана келгенин айткандан кийин сүйлөшүү токтогон. Жаңы шайланган премьер туруп кетип калган.
Окуядан 1,5 саат өткөндөн кийин Пашинян полиция тарабынан кармалган. Бирок нааразы болгон элдин деми басаңдабай, кайра күчөгөн. Дүйшөмбү күнү Пашинян кое берилип, эки сааттан соң Саргсян отставкага кетерин жар салган.
Эскерте кетсек, митингге чогулган элди кубалоо үчүн бийлик тарсылдатып үн чыгарган гранаталар менен түтүн чыгарган каражаттарды колдонгон.