Башкы прокурор кызматына Жалал-Абад облусунун прокурору Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев билдирди.
Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1997-жылы Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштөө менен баштаган.
1999-2008-жылдары Талас шаарынын, Бакай-Ата, Алай райондорунун, Ош облусунун прокуратураларында тергөөчү болуп иштеген.
2008-жылдын 21-январында Кадамжай районунун прокурорунун орун басары кызматына дайындалган.
2011-жылдан Лейлек районунун прокурору болуп иштеген.
2015-жылдын 1-июлунда Жалал-Абад облусунун прокурорлугуна дайындалган.