“Республика – Ата-Журт” фракциясынын Махабат Мавлянова депутаты ата-энесиз балдар менен карылар бири-бирине жардам бериши керек экенин айтты.

“Карыларга балдардын көңүл буруусуна, балдарга болсо ата-эненин сүйүүсү муктаж. Аларды бир үйгө бириктирип койсок, психикалык жактан колдоо болот”, -деп эл өкүлү парламенттик жыйында билдирди.

Ошондой эле ал ымыркайлардын жанын сактап калуу үчүн «бөбө кутуларын» Кыргызстанга орнотуу керек экенин белгиледи.

«Балдарды көчөгө таштап кетүү көрүнүштөрү көбөйдү. Чет өлкөлөрдүн тажырыйбасын эске алуу менен, ушу тапта белгилүү бир жерлерге «бөбөк-кутуларды» коюу зарыл», -дейт ал.