Кечээ, 24-апрелде болгон катуу шамалдан «Ала-Тоо» аянтындагы желек учуп кеткен. Стринг-арт стилинде сүрөт тарткан сүрөтчү Азамат Жаналиев борбордук аянттагы катуу шамал, нөшөрлөгөн жамгырга карабай желек көтөрүп барып, таңкы саат 6га чейин көтөрүп турган.
«Үйдө тынч жата албай койдум. Желек таап келип, сыймыктануу менен борбордук аянтта турам! Биздин туубуз эч качан түшпөсүн деген максатта ушул желекти көтөрүп турам. Аянтка түнкү саат 12де баргам. Тиешелүү тарап желекти кайра көтөрмөйүнчө күтөм»,— деп фейсбук баракчасына билдирүү калтырган.