Бишкектин айрым аймактарында үстүбүздөгү жылдын 26-апрелине чейин газ берүү убактылуу токтотулат.
«Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашкандай, 24нөн 26-апрелге чейин Бишкек шаарынын Байтик Баатыр, Суеркулов, Ж.Пудовкин, А. Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы жок болот.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.