«Ак илбирс»: Жылдын мыкты тасмалары бүгүн аныкталат

Автор -
442

Бишкекте бүгүн Улуттук «Ак илбирс» 2018 кино сыйлыгын тапшыруунун алкагында былтыркы жылдын эсеби менен мыкты тасмалар аныкталат.

Иш-чарага көрүнүктүү Атамекендик киноматографисттер чогулуп, 2017-жылы тартылган мыкты тасмаларды аныкташат.

Талапкерлер:

Мыкты тасма:

— “Апамды издейм” к/т, реж. Руслан Акун;

— “Кентавр” к/т, реж. Актан Арым Кубат;

— “Саякбай” к/т, реж. Эрнест Абдыжапаров.

Мыкты режиссер:

— “Апамды издейм” к/т, реж. Руслан Акун;

— “Кентавр” к/т, реж. Актан Арым Кубат;

— “Саякбай” к/т, реж. Эрнест Абдыжапаров.

Мыкты сценарий:

— “Апамды издейм” к/т, Б.Осмонканов, М.Жениш уулу;

— “Кентавр” к/т, А.Арым Кубат, Э.Абдыжапаров;

— “Саякбай” к/т, Э.Абдыжапаров.

Мыкты оператор:

— Жантай Кыдыралиев — “Апамды издейм” к/т;

— Хасан Кыдыралиев — “Кентавр” к/т;

— Хасан Кыдыралиев – “Саякбай” к/т.

Мыкты сүрөтчү:

— Максат Болотбек — “Апамды издейм” к/т;

— Адис Сейталиев — “Кентавр” к/т;

— Толгобек Койчуманов — “Саякбай” к/т.

Мыкты композитор:

— Эрмек Керимбаев — “Апамды издейм” к/т;

— Райхан Бейшеналиева “Апамды издейм” к/т;

— Муратбек Бегалиев — “Саякбай” к/т.

Мыкты үн режиссер:

— К.Кузнецов, Д. Шаршенов — “Апамды издейм” к/т;

— Нуркыз Сагынбекова – “Махабат” к/т;

— Бакыт Ниязалиев — “Саякбай” к/т.

Мыкты монтаж:

— Элдияр Мадаким — “Апамды издейм” к/т;

— Керим Өмүркоджоев — “Махабат” к/т;

— Айзаада Өмүралиева — Саякбай” к/т.

Мыкты эркектин ролу:

— Жантелиев Марат — “Саякбай” к/т;

— Тентимишов Болот – “Ата”;

— Уланов Азамат — Апамды издейм” к/т.

Мыкты аялдын ролу:

— Абазова Таалайкан – “Кентавр” к/т;

— Абдразаева Тынара — “Саякбай” к/т;

— Касмалиева Шаиргүл — “Махабат” к/т.

Мыкты даректүү тасма:

— “Ата Бейит” реж. Алижан Насиров;

— “Жашоо керемет” реж. Азамат Шаршенов;

— “Оймок” реж. Касиет Кубанычбек кызы.

Мыкты кыска метраждуу тасма:

— “Бакыт” реж. Мээрим Догдурбекова;

— “Жол” реж. Калвира Акчалова;

— “Киноман” реж. Аскар Нуракун уулу.