Армения: Жаӊы премьер-министр шайланууда

Автор -
330

42 жаштагы оппозиция лидери Никол Пашинян — Армениянын Конституциясы боюнча өлкөнүн эң жогорку бийлик кызматына айланган премьер-министрлик орунга жалгыз талапкер.

Еревандын борборуна миңдеген адамдар чыгып, жаңы премьер-министрдин шайланышына көз салууда.

Добуш берүү башталганга чейин Пашинян элди көчөгө чыгып, парламентте жаңы өкмөт башчыны шайлоого көз салууга чакырды. Оппозициялык лидер «башкаруучу партия процессти бурмалап коюушу мүмкүн» деп чочулап турганын билдирди.

Пашинян 105 орундуу армян парламентинде премьерликке шайланыш үчүн кеминде 53 добуш алышы керек.