Роза Отунбаева
(+) 2010-жылы Бакиевдин бийлигинин кулашына чоң салымын кошуп, карапайым элдин ишенимине кирген.
(-) Ошол эле учурда Бакиевдин Кыргызстандан чыгып кетишине да тиешеси бар экенин кийинчээрек белгилүү болгон. Өзү аны чыгарбаганга башка арга жок болгонун айтып чыккан.
Камила Талиева
(+) Вице-пример-министр болуп турганда мектеп окуучуларына бирдиктүү форма киргизүү керек деген маселени көтөрүп чыккан.
(-) Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри болуп келгенде маданият өкүлдөрү өкмөт үйүнө кошок өкүрүп барышкан. Андан көп өтпөй эле атактуу манасчы Саякбай Каралаевди композитор деп атаганы элди күйдүрүп бир четинен күлдүрүп жиберген.
Аида Салянова
(+) Башкы прокурор болуп турганда коррупция менен күрөшүп келгени маалым.
(-) Ал башкы прорурор болуп турганда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукеев жаза мөөнөтү толук бүтө электе Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок бул тууралуу ал мыйзам бузулбаганын айткан.
Жылдызкан Жолдошева
(+) “Курманжан датка” тасмасын тартууда салымы чоң экени белгилүү.
(-) Эл оозунда “урушчаак депутат” деп аталып калган Жолдошева “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Ирина Карамушкина менен болгон ызы-чуусу дагы да болсо коомчулуктун эсинде.
Токтайым Үметалиева
(+) Борбор Азия боюнча биринчи жолу эркек саясатчылар менен тең тайлашкан айым. 2005-2009-жылдары президенттик шайлоого ат салышып өтпөй калган.
(-) Аскар Акаевдин учурунда Аксы окуясы болгондо Азимбек Бекназаровду каматыш үчүн акча алып, маалымат жыйын өткөрүп анда Бекназаровду жамандаганын экс-акыйкатчы Турсунбек Акун айтып жүрөт.
Ыргал Кадыралиева
(+) 22 жашка чейинки кыздарга ата-эненин уруксатысыз чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу мыйзам долбоорун көтөрүп чыгуу менен элге таанылган.
(-) Бийликте “ака, үкаларынын” кылмышын жаап, жашырып коргоп келет.