3-майда өлкө аймагында түнкүсүн жамгыр жаашы күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Күндүз Түштүк аймактагы тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Талас аймагында түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19;
Бишкек шаарында 3-майда жамгыр жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +21…+23.