Режеп Тайып Эрдоган президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү. Мындай чечимди парламенттеги башкаруучу «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы кабыл алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Эрдогандын талапкерлигин 316 депутат, тагыраагы партиянын бардык мүчөсү колдогон. Түркиянын лидери буга чейин кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып, ал мамлекеттик маанилүү иш-чара ушул жылдын 24-июнуна коюлган.
Президенттик жана премьерлик шайлоо 2019-жылдын ноябрында өтөт.