Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Анда 6-7-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал экени айтылат.
6-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетет.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаа каттамына, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине, жайытта мал багууга жолтоо болот.
6-7 майда нөшөр жаанга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.