Ички иштер министри Мелис Турганбаев ЖКнын жыйынында патрулдук милициянын иштери тууралуу айтып берди.

“Мурда суткасына бир-эки мас айдоочу кармалса, азыр болсо 30га жакын адам каралууда. Үч облус боюнча. Чүй облусунда “көчөдө милициялар пайда болуптур, мастарды, кылмышкерлерди кармайт экен” деп айтып жүрүшөт”, -дейт М. Турганбаев.

Мындан тышкары ал бардык патрулдук милициянын авто унаасы, камералары жок экенин айтууда.

“Кечээ премьер-министр 30 миллион сом бөлүп берди. Камера алабыз. Авто уунаалар жетиштүү болгондо Бишкектин жаңы конуштарына барып иштейбиз”, -дейт М. Турганбаев.