6-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

6-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21.

Бүгүн, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 18…20 градус болот.