Жетим балдардын укугун көзөмөлдө боюнча аларга интернат-үйүнөн кеткенден кийин турак-жай бөлүп берүү керек.
Мындай маалыматты акыйкатчы Кубат Оторбаев ЖКга берип жаткан отчётунда айтты.
“Аларга мамлекет үй же жер тилкесин бөлүп бериши абзел. Мындан тышкары өлкө ЖОЖдордон акысыз билим алуу, иш менен камсыз кылышы керек”, -дейт акыйкатчы.