Интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн студиянын жетекчиси бошотулду

Автор -
284

Интернет аркылуу кыздар интим кызматын көрсөткөн студиянын жетекчиси Д.А. өлкөдөн чыкпоо чечими менен бошотулду. Бул тууралуу  Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

4- Октябрь РИИБине жарандан билдирүү келип түшкөн. Анда А.Д. аттуу мырза интернеттен кыздардын порнографиялык видеолорун таратуу менен каражат таап жүргөнү маалымдалган. Милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган веб-студияда Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган 30 кыз кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмүнүн (порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегендерди тартуу) негизинде кылмыш иши козголгон.