Дүйнөдөгү эӊ кедей президент кандай жашайт (Сүрөт)

Автор -
359

Хосе Мухика Уругвайдын экс-презденти, ал башкаларга окшобогон өзгөчөлүгү менен жашообузда көнүмүш адатка айланган баардык стреотиптерди бузган.  Ал башка президенттерден өзгөчөлөнүп, резиденцияда жашагандан баш тарткан жана өзүнүн айлык акысынын 90% кайрымдуулук үчүн жумшаган.

Хосе Мухика 2010- жылы президент болуп шайланган.

Президент болуп шайлангандан кийин ал, атасынан мураска калган чакан фермасында жашай турганын билдирген.

Чакан фермада ал жубайы жана эки ити менен жашайт.

Хосе менен аялы Лусия президент жана биринчи-айым болгонго чейин фермасында түркүн гүлдөрдү өндүрүп, сатышкан. Эӊ кызыгы жубайы Лусия биринчи-айым аталганда да бул жумушун таштаган эмес.

Өзгөчөлөнгөн президент 1987-жылга таандык 1800 доллар турган эски Volkswagen-«жук» унаасын колдонот.

Хосе 12,5 миӊ доллар айлык акысынын болгону 10 пайызын алып, калганын 5 жыл боюу кайрымдуулукка жумшаган.

Ал эми Хосе Мухика өзүн кедеймин деп эсептебейт. Анын оюу боюнча; «асем жашоо үчүн умтулуп жашагандар кедей».