Курсан Асанов: Саляновдун өлүмүнө шектүү адам күнөөсүн моюнуна алды

Автор -
203

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үч адамдын бири күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жыйында билдирди.

«Кылмышка шектүү болгон экинчи адам Орусияда кармалды. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатат. Ал эми үчүнчү шектүү адам Орусиянын жараны экени аныкталды, ал азыр издөөдө»,-деп билдирди Асанов.

Асанов белгилегендей, алдын ала иликтөө кол салуу карактоо максатында жасалганын көрсөттү.