Аба ырайы: Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт

Автор -
211

23-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын көп болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градус ысык болот.