Мындай факты «Чоң капка» көзөмөлдүк-өткөрмө пунктунан мамлекеттик салык кызматынын рейдди учурунда аныкталган.

Жүк унаасынын айдоочулары К.Турсуналиев жана К.Садыралиевдердин ыктыярдуу патенти жок болуп чыккан.

Андан сырткары, талон толтуруу учурунда К. Турсуналиевдин 35 миң 416 сомго 10 миң килограмм ун алып келгени ачыкка чыккан. Наркы азайтылып көрсөтүлүп 1 килограмм ундун баасы 3,5 сомду түзүп калган.

Айдоочу К. Садыралиевдин талонго жүктүн наркын азайтуу менен 10 миң сом деп көрсөтүп, 2 миң литр күн карама майын ташып келген. Эсептей келгенде 1 литр майдын баасы болгону 5 сом болуп калган.

ЕАЭБдин алкагында калыпка салынган эрежелер боюнча мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргызстанга кирип жана чыгып жаткан товарлар көзөмөлдөн өтүп, ташып жаткандар тиешелүү талондорду толтурушу керек.

«Эсепке алынбаган товарларды ташуу, алардын көлөмүн жана иш жүзүндөгү наркын азайтуу Кыргызстандын бюджетине кыйыр салыктардын келип түшүүсүнүн көлөмүнө терс таасирин тийгизүүдө» — деп билдирет мамлекеттик салык кызматы.