Сөз эркиндигин коргоо комитети бийликтен куугунтук жегендердин укугун укуктук кеңеш берүү, бекер адвокат таап берүү, эл аралык уюмдарга кайрылуу сыяктуу ар түрдүү жолдор менен коргойт. Мындан тышкары ар кандай акцияларды уюштурушат.

Аталган комитеттин өкүлү, экс-депутат Бегалы Наргозуевдин Saat.kgге билдирүүсү боюнча, акыркы учурларда сөз эркиндигине бийлик тарабынан чоң коркунучтар түзүлүп, журналисттерди сабап кетүү адатка айланды.

“Бийликке сын айтып жүргөн журналисттер Булат Сатаркулов, Шаирбек Маматокторов, Турат Акимовдор катуу сабалышты. Алтургай Турат Акимов бир өлүмдөн калды”, — деди ал.

Ошондой эле ал бийликтин камчысын чаап жүргөндөр оппозиция журналист Адилет Айтикеевдин төшөгүнө чейин аңдып, уят видеотасмаларды жайылтышканын айтты.

“Атамбаевдин жанында жүргөндөр көз карандысыз «ОшТВ» телеканалын жана «Вечерний Бишкек» басылмасын рейдерлик жол менен басып алышты. КТРК жана ЭлТР телеканалдары коомдук телеканал болуудан калып, толук бойдон адилетсиз, зөөкүр бийликти гана тейлеп калды. Мамлекеттик телеканалдан бийликти сындагандарды жамандатып, карандай калптарды таратышууда”, -дейт экс депутат.

Мындан тышкары анын айтымында, көп ММКларга оппозиционерлердин пикирлерин жарыялабоо боюнча «кара тизме» берилип, көзөмөлгө алынган.

“Журналисттер өздөрүнө өздөрү цензура киргизүүгө мажбур болушууда. Мына ошондуктан Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо муктаждыгы эң башкы планга чыкты. Эгер биз сөз эркиндигин коргобосок атамбаевчилер кыргыз эли 20 жылда тапкан демократиялык жеңиштердин баарын тебелеп-тепсеп өз кызыкчылыктарына тартып алганы жатышат”, — дейт Б. Наргозуев.

Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүү демилгесин Замира Сыдыкова, Нарын Айып жана Бегалы Наргозуев көтөрүп чыккан.