Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылат. Мындай билдирүүнү ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-майда боло турган «Акыркы коңгуроо» салтанатында ата-энелер балдарын коомдук жайларда укук бузууларга баруусун, спирт ичимдиктерин ичүүсүн же авто бейбаштыктарга баруусун көзөмөлдөөгө чакырат. Ошондой эле иш-чара аяктаган соң балдардын кайда, кимдер менен жүргөндүгүн көзөмөлдөөгө керектиги айтылат.
«Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздардын мектепти тактыктуу бүтүп, эч кырсыксыз майрамдоосун колго алуу сиздердин милдеттериңиз. Ал эми, милиция кызматкерлери биздин балдарды кылмыштуу иш-аракеттерден коргоо менен коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо тиешелүү деңгээлде иштерди алып барышат. Анткени, балдарыбыздын ден соолугу менен өмүрү башкы орунда турат. Ички иштер минисрлиги эскертет: Эгерде бүтүрүүчүлөр кандайдыр-бир укук бузууларга жол бере турган болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилилигине тартылып калышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.