2018-жылдын 24-май күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосунда 5 чабандын баардыгы болуп 112 койу жана 1 уйу өлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар жерине барып, кардын астынан өлгөн малдарды чыгарып, сарайларды кардан тазалашкан.