Газ менен жүрүүчү жаңы 10 автобус №42 каттамда жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт. Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жаңы автобустарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

 

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

“Жаңы техникалардын артыкчылыгы таза табигый газ менен жүргөнүндө. Буюрса алдыда дагы троллейбус, автобустарды алып келүүнү пландалууда. Акырындык менен шаардагы маршурттук таксилерди жок кылабыз”, — дейт мэр Албек Ибраимов.

“Мурда 445 автобус эл кызматында жүрсө, 200 иштен чыгып, оңдоп түзөөгө муктаж. Учурда 110 гана автобус жүргүнчүлөдү тейлеп келет. Бул абдан аз көрсөткүч, андыктан мындай белектер биз үчүн абадай эле керек” , — деп билдирди автобазанын жетекчиси Бакыт Тентиев.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

“Эртеңден баштап ишке чыгабыз. Автобустар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн абдан ынгайлуу. 35 орундуктукту, ичинде видео көзөмөл да коюлган, 10 күндүн аралыгында акысыз интернет Wi-Fi орнотулат”, — деди №42 автобусунун айдоочусу Нурлан Момунбеков.

Эскерте кетсек, бул техникалар Үрүмчү шаардык мэриясы тарабынан белек катары берилген.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg