29-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Бүгүн,  29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда гана жаан-чачын күтүлөт.

Ал эми Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн абанын температурасы 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

29-майда Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус болот.