Бүгүн КСДП фракциясы Чыныбай Турсунбековдун спикерликке талапкерлигин колдоду.
“Республика – Ата-Журт” фракциясы дагы бүгүн өздөрүнүн жыйынында аны колдошкон.
Белгилей кетсек, ЖКнын мурунку төрагасы Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгонуна байланыштуу кызматтан кеткен. Андан кийин “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жыйынтыгында экөө тең добуш алып калган.