Аба ырайы: Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт

Автор -
260

1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо кыркаларында жаан-чачын жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

“Кыргызгидромет” мекемеси билдиргендей, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30,

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29,

Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31,

Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 градус болот.

1-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы борбордо түнкүсүн 10…12, күндүз 27…29 градуска чейин көтөрүлөт.