Аял үйдүн көркү деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек. Аял жок үй муздак, куту жоктой сезилет. Көпчүлүк эркектер табышмактуу аялзаты тууралуу ар кандай тамашаларды айтып жүрүшөт. Ошолордун негизинде Saat.kg кыргыз аялдарынын 12 сапатын жазып чыкты.
1Кыз кезинде баары жакшы…
Үйлөнгөнгө чейин сүйлөтө албай үнүнө куштар болсоң, үйлөнгөндөн кийин тили чыгып, жыланга айланат. Батып алгандан кийин көргүлүктү көргөзөт.
2Кийими бар бирок, кийгенге эч нерсеси жок
Конокко барарда эң чоң көйгөйү кийими төгүлүп турса да, «кийимим жок» деп кайгырганы. Анан да туфлиси менен сумкасы өңдөш болбосо кийбей койгону кызык.
3Башкалардын көзүнчө күлүп гана коёт
Үйдө киши барда күлүп туруп жайлайт. Алардын көзүнчө жылмайып кеткенден кийин бир чагып алышы мүмкүн.
4Суракка алат
Күйөөсү кеч келсе да уктабай күтөт. Кээде эле көзү илинип кетпесе, үкүдөй болуп күтүп отурган болот. Ийне-жибине чейин суракка алып, анан уйкуга кетет.
5Угат, бирок өзүнүкүн кылат
Бир ишти кеңешкени менен акырын билгизбей өзү каалагандай жасап коюшу мүмкүн. Бирок аны күйөөсүнө байкатпайт.
6Бат эле моюнга минет
«Аялды башынан кармаш керек» деп эркек айтса, аял аны ичинде тескерисинче которуп алып, бат эле мойнуна минет.
7Ээрчитип барып алдап кетет
«Сага жакшы кийим көрдүм» деп алдап ээрчитип барып өзү кызыгып жүргөн кийимди саттырып алат. Кантип алып берип койгонун эркек аңдабай калат.
8Өз тарабына күлүп-жайнайт
Өзүнүн төркүндөрүнөн бирөө-жарым келсе күлүп-жайнап тосуп алып, бергенге ашын таппай калат. Күйөөсүнүн туугандары келсе кара күчкө жылмайымыш этет.
9Үйдөгү халатчан аял көчөгө чыкканда куурчакка айланат
Үйдө эски халатын кийип, чачын тарабай төбөсүнө түйүп алган аял, көчөгө чыкканда кычырап кийинип, боёнуп алат. Башкалар эмес, күйөөсү да тааныбай калышы мүмкүн.
10Сыр сактай албайт
Аялзаты курбулары менен отурганда эч ким укпасын деп күйөөлөрүнүн жорук-жосундарын айтышат. Бирок, бири-биринин сырын кайра эле күйөөлөрүнө айтып коюшат.
11Кулак төшөгөндү жакшы көрөт
Күйөөсү телефон менен сүйлөшүп жатканда кулактары тикчийе түшөт. Чөнтөк телефонун күнүнө бир текшерип, «Анара» дегенди «Анарбек классташ» деп жазып койгон эмеспи деп шекшинип алат.
12Баарына жетишет
Телефон түтөп кеткичекти сүйлөшөт. Бирок ошол эле учурда жумушун жасап, сериалын да көрүп жаткан болот.
Күйөөсүнө жини келсе балдарын урат, жылан чакпай, жылкы теппей таарынып калат, ыйлайт бирок эмнеге экенин өзү билбейт, алсыз болгону менен абдан күчтүү.