2-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз ала булут каптап, кээ бир райондордо күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы борбордо түнкүсүн 13…15, күндүз 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.