4-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,
Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25,
Ысык-Көл жана Нарын шаарларында түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23 градус болот.