Өлкөдө бир жума аралыгында 23 114 айдоочуга жалпы суммасы 11 миллион 444 миң 141 сом айып салынды.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлагандай, Кыргызстан боюнча рейд 25-майдан 31-майга чейин жүргүзүлгөн. Ага күч түзүмдүн бардык кызматкерлери тартылган.
Бул убакыт аралыгында 23 114 айдоочуга айып салынды. Алардын ичинен негизги эреже бузгандар:
— Мас абалында унаа айдаган — 55 айдоочу;
— Жол белгилерин эске албаган — 4254 айдоочу;
— Унаанын алдыңкы жана капталындагы айнектерди караңгылаткан — 67 айдоочу;
— Катуу ылдамдыкта айдаган — 2906 айдоочу;
— Унаа жылып баратканда коопсуздук курун тагынбай койгон — 6029 айдоочу.
Рейддин жыйынтыгында атайын унаа токтотуучу жайга 756 унаа жеткирилген.