7-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгысекундасына 3-8 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы температурасы 15…17, күндүзү 30…32.