Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бир ай мурда Бишкекте кармалган казакстандык блогер жана активист Муратбек Тунгышбаевди колдоп, ага качкын макамын берүүнү сурап пикетке чыкты.
Ал бүгүн Жогорку соттун алдында майкечен турарын, бул — «адам укугун коргоо үчүн Кыргызстан төшүн тосуп бериши керек» деген чакырык экенин «Азаттыкка» билдирди.
Токтонасыров Кыргызстан бийлигин Муратбек Тунгишбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырып, оппозициялык активист саясий башпаанек алышы керектигин белгиледи.
Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырган.
Казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат.
Тунгышбаевдин Кыргызстанга качкын макамын берүү тууралуу арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган.
Астана блогерди «өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт» деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.
Анын адвокаты Нурбек Токтакунов башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаанбаеванын активистти Казакстанга кайтаруу тууралуу токтомуна каршы арыз менен сотко кайрылган.