Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБге мүчө болгондон кийинки аталган жайда кандай өзгөрүүлөр болууда деген өңүттө, алгач чек арадан өтүүдөгү документалдык каттоо процесстерине көзөмөл жүргүздү.

Анын көңүлүн жарандардын документ толтурууда узакка кезек күтүүсү, көпкө турганы көңүлүн бурдурду. Көзөмөлдүк-өткөрмө пунктусунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишти тийиштүү органдарга тапшырды. Пунктыдагы тоскоолдуктардын алдын алуу үчүн транспорт жана коммуникация министрлигине кошумча салына турган көпүрөнүн курулушун бүтүрүүнү  тапшырды. Ал эми Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновго көпүрөнүн ишин биргеликте активдештирүүнү Казакстан тарап менен сүйлөшүүнү буюрду.

актилек