Аба ырайы: Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт

Автор -
235

Бүгүн, 18-июнь Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34

Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35,

Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…12, күндүз 22…27,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.