1916-жылдагы орус оторчулугуна каршы улуттук-боштондук күрөш жеңилип, эл Кытайга качууга мажбур болгон. Качкан элди да падыша аскерлери чилдей кырып жүрүп атышканы тарыхта маалым. Ошондой жазалоочу отряддын жетекчиси Фон Бергдин окуялар тууралуу жазган күндөлүгүнөн үзүндү:

…Андан ары чытырман токой башталды. Жолдо үйүр-үйүр жылкылар, топ-тобу менен уйлар, сан жетпеген майда жандыктар, бош калган боз үйлөр учурай берди. Мунун өзү биздин келе жатканыбызды билип калышып, жанталаша шашып качышканынан кабар берет. 25 чакырым жол жүргөн соң каңгыраган кара малдан баш адашат, букалары мындан көп. Бешикке бөлөнгөн балдар да жол боюнда калыптыр. Менин отрядымдын алды жактагы бөлүгү качкындар менен атыша кетти. Кымбат баалуу буюм-теримдерине карабай тоо таяна качкан элди, чер токойго жашырынган кыргыздарды аёосуз кырдым. Тоо жолу өйдө-ылдый, таштак, андан ары качкындардын сары изине түшүүнүн мааниси деле калган жок, миңдей кара мал айдап, кайра Прежевальскиге бет алдык.