Жыйындын уюштуруучулардын бири, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков облус аймагында реадикализм, экстремизм, терроризмди алдын алуу жана аткарылып жаткан жумуштарды белгиледи.

Ал бир топ сунуштарды көтөрүп чыкты. Анда Сирия азгырыктары, алардын ичинде акыркы жылдары аялдардын санынын көбөйүшү даваатка чыгуу тартиби жана экстремизм менен күрөшүүдө жалпы коомчулук биргеликте жумуш алып баруусу натыйжалуу экендигин белгилеп өттү.

Жалал-Абад ОИИБинин билдирүүсү боюнча, конференциядан кийин келген өкүлдөр, “Спорт-экстремизмге, терроризмге каршы” ураандын негизинде мектеп окуучулары арасында  “Алыш” күрөшү боюнча облусттук  турнирдин ачылышына катышты.