Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры менен А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры беттешти.

Таймаш төрт этаптан туруп, үч баскычында актёрлор Ч.Айтматовдун «Кыямат», У.Шекспирдин «Ромео жана Жульетта» жана Бомаршенин «Фигаронун үйлөнүүсү» деген чыгармалырынан үзүндүлөрдү ойношту. Төртүнчү этабында импровизациялоо тапшырмасын аткарышты. Жыйынтыгында орус драм театры жеңишке жетти.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов таймаш актёрлорго стимул бере турганын айтты.

«Кээ бир образдар өмүр өткүчөктү тийбей калышы мүмкүн. Ал эми мында бир эле актёр төрт-беш ролду жаратып жатат. Экинчиден, атаандашуу эмес, бул таймаш достуктун таймашы, бири-бирин туура түшүнүү. Эң негизгиси утуш эмес, негизгиси катышуу», – деди ал.

Эскерте кетсек, мурунку таймаштарда «Учур» жаштар театры менен Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры, андан соң Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Ш.Термечиков атындагы Чуй облустук драма театрлары беттешкен.

Таймашуу башка облустук драма театрларда да өткөрүлүп келет.